www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ал эми адам укуктары боюнча комитеттин жогорку комиссары Зейд ал-Хуссейн Иран бийлигин митингчилердин укугун сактоого үндөдү. 
Акыркы күндөрү Ирандын бир катар шаарларында өкмөткө каршы массалык нааразылыктар уланды. Социалдык тармактарда нааразылыктардын улам жаңы тасма-сүрөттөрү пайда болууда.

Бийлик болсо митингдер басаңдап баратканын белгилөөдө. Айрым шаарларда ислам ыңкылабынын коргоочу корпусунун күчтөрү жайгаштырылды. Кээ бир аймактарда кагылыштар уланып жатат. Расмий маалыматтар боюнча, Ирандын батышында демонстранттар менен кагылышта үч аскер набыт болгон. Жалпысынан нааразылыктар башталгандан бери өлгөндөрдүн саны жыйырмадан ашты, жүздөгөн кишилер камакка алынды.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости