www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Декабрдын ортолорунда Подмосковья шаарынын тургуну Маргарита Грачевага үй-бүлөлүк түшүнбөстүктөрдөн улам жолдошу Дмитрий Грачев кол салган. Жаш үй-бүлө бирге жашаганына 5 жыл болгонун белгилеп тынч эле жашап жаткан, бирок ортодо түшүнбөстүктөрдөн улам аялы жолдошунан ажырашып кетүүгө макулдук сурганда чыр чатак андан ары уланып коркутуулар башталган деп билдирет Риа Новости.

Маргарита бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганда алар көңүл кош мамиле кылып койгон. Жолдошу окуя болгон күнү Маргаританы жумушуна чейин узатып коймокчу болуп, жакын арадагы токойго алып барып, ошол жерден кордук көрсөтүп алгач манжаларын андан соң колдорун балта менен чаап салган.

Андан соң оор абалда шаардык ооруканалардын бирине алып барган. Ак халатчандар 9 сааттык оор операциядан кийин Маргаританын өмүрүн сактап калган. 

Маргарита жолдошу эмнеге мындай кадамга барганын түшүнбөй турганын билдирген. 

Оор акыбалда жаткан Маргаритадан жолдошу жөнүндө сураганда "мен ал адамдан ажырашууну талап кылам!"-деп жооп берген.

Укук коргоо органдары Дмитрийдин бул кылыгына өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости