www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабахтагы жаңжалдын айланасында ири масштабдуу согуштук аракеттер жөнүндө билдирүүлөр айтылып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагасы Абду Абарри кеңештин мүчөлөрү талкуунун жыйынтыгында ушундай чечимге келгенин айткан.

"Алар (Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү — ред.) күч колдонулушун катуу айыптап, адамдардын набыт болушуна өкүнүүсүн билдиришти", — деп айткан Абарри.

Коопсуздук кеңеш Армения менен Азербайжанды тез арада эрегишүүнү токтотуп, алдын ала шарт койбой сүйлөшүү жолуна түшүүгө чакырды. Ошондой эле Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында толук колдоо боло турганын билдирген.

Эске салсак, 27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында аскердик кагылышуулар башталган. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылды. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялады.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдуу облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Кырдаал боюнча Кыргызстан өз позициясын айтып, эки тарапты тең тынчтык жолу менен сүйлөшүүгө чакырды. Аны менен катар маселени чечүү жолун издөөгө көмөктөшүү үчүн даярдыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости