www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп менен Байдендин дебаты  кагылышуу менен  башталды

АКШнын президенти Дональд Трамп жана анын президенттик жарыштагы атаандашы Джо Байден шайлоо алдындагы биринчи дебатты медициналык камсыздандыруу боюнча башташты. Бул тууралуу РИА новости жазды.

Учурдагы мамлекет башчысы 180 миллион адамды жеке камсыздандыруудан ажыратууну каалагандыгы үчүн оппонентин күнөөлөп, экинчиси, өз кезегинде, Трампты медициналык камсыздандырууну кеңейтүү боюнча популярдуу чараларды жокко чыгаруу ниетинде деп айыптады.

"Сиз 180 миллион адамды жеке медициналык камсыздандыруудан ажыратасыз" деди азыркы президент.

"Бул таптакыр чындыкка дал келбейт" деп Байден Трамптын Демократиялык партиянын талапкери социализмди илгерилетип жатат деп айыптоосуна каршы чыкты.

Байден мурунку президент Барак Обама кабыл алган медициналык камсыздандыруу тутумун кеңейтүү ниетин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости