www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги валюталык интервенция жүргүздү. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда, 29-сентябрда жалпысынан 27 миллион 950 миң доллар сатылды.

Ошентип, соңку бир апта ичинде үчүнчү жолу интервенция жүргүзүлдү – 25-сентябрда 19,6 миллион, 23-сентябрда 11,2 миллион доллар сатыкка чыгарылган болчу.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери эсептегенде Улуттук банк 13-жолу интервенция жүргүзүп, жалпысынан 286 миллиондон ашуун доллар сатты. Бул аракет улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашууда.

Акыркы кезде Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу жогорулап жатат.

Эске салсак, 2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кайра арзандай баштаган.

30-сентябрга карата 1 доллардын курсу – 79 сом 60 тыйын болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости