www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоо келбетине эми келип баратат

Акыркы күндөрү финишке күн улам жакындаган сайын, парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын оозуна келмеси келип, жеңдерин түрүп чамдана баштады. Парламенттик шайлоонун дүбүртү дубан жара баштады. Албетте, азыр толук баа бергенде болбойт, анткени мүнөт сайын өзгөрүүлөр болуп жатат. Ошондой болсо да шайлоого саресеп салып көрөлү.

Жетинчи чакырылыштагы парламентик шайлоодо жаңы партиялар катуу дүбүрт менен чыгышып, эски, саясаттын май-талканын жеп, такымы куурап бараткан партияларга тушамыш салып койгонсуп, илең-салаң чыга баштады. Дүбүртү менен топту жарган партиянын башында “Мекеним Кыргызстан” келатат. Пайызын эмес, канча деп алышы мүмкүн  болжоп көрөлү. Азыр эле ушул басыгы менен бара бере турган болсо, “Мекеним Кыргызстан” 30-35 депутаттык мандатка ээ болушу мүмкүн. Эгер мындан да чамдаса көбөйүп, тизгинди бошотуп койсо азайып кетиши күтүлот.

Андан соң таскакты “Биримдик” партиясы катуу уруп келаткан.Эмнегедир Аманкуловго жаралган кара пиар бир аз кармап тургансыйт. Бул партия өздөрү план менен канча мандатка ээ болгусу келип турганын ким билет, бирок 30 мандаттын ээси болуп калышы мүмкүн. Үчүнчү орунга БШКдан өтө албай соттошуп араң келген “Кыргызстан” партиясы жеңишке жетиши ыктымаал. Ушул үч партия парламенттеги 120 мандаттын көп ордуна ээ болушуп, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясын түзүп калышы ыктымал.

“Республика” партиясы Атамбаев президент чамгарагын чимирилтип акчасын чачып, СДПК менен тизгин талашып дайым экинчи орунда келе турган. Бул ирет төртүнчү орунга түшөт. Бутуна тушамыш салып койгонсуп акчаны деле чача албай турушат. Себеби, эмнеде Бабанов Ташиевди “кидать” этип РАЖга фракция жетекчиси болду. Анда деле жыргап кеткен жок, 2017-жылы өзү чет мамлекетте жашынып, бул фракцияны ар ким билип калды. Эми ага партияны көп мандат менен өткөрүү кызыкчылыгы жок. Парламентке өтө тургандай электораты жетишет, акча чачабы же чачпайбы парламентке төртүнчу болуп өтөт. Парламентте оппозициялык азчылык  да бар.” Республика” өтсө ушул тарапка барат. 

Парламентке өтө турган бешинчи жана алтынчы,жетинчи орун үчүн партиялар үчүн кырчылдашкан кыл чайнашкан таймаш болот. Бул орундарды талашып “Бир бол”, “Мекенчил”, “Ата-Мекен”,  “Замандаш” жана “Бүтүн Кыргызстан” чыгышы мүмкүн. Ал эми башкалар тууралуу кеп кылбай эле койо тууралы такымын жеп калган “Мекен ынтымагы”, СДПКнын ордуна келаткан СДП босогого да караандабай калышы мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости