www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын экс-президенти Петр Порошенко коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Ал «туура эмес учурда» ооруп калганын айтып, үй шартында дарыланууга аргасыз болгондугун белгилеген. Порошенко оорусуна байланыштуу Украинанын аймактарына болгон жумушчу сапарларын убактылуу токтотот.

 "Акыркы алты жылдан бери буттарымдагы ооруларга чыдап көнүп калдым. Бирок бул «куу» оору. Ошондуктан, бүгүнтөн баштап үйдө дарыланып жатам. Тезирээк сакайып кетем деп үмүттөнөм жана бардык украиналыктарды өздөрүнө кам көрүүсүнө чакырам!"  — деп жазды.

Эске салсак, 23-августта Украинанын экс-премьер-министри Юлия Тимошенкого коронавирус диагнозу коюлган. Ал пневмониянын оор түрүнө кабылып, ооруканага жаткырылган болчу. 11-сентябрда анын пресс-катчысы Марина Сорока Тимошенконун коронавирустан айыгып кеткенин жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости