www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун Ооганстандагы кеңсесине кол салуу болду

Ооганстандын батышындагы Гератта жайгашкан БУУнун кеңсесине жасалган кол салууда ооган полициясынын күзөтчүсү каза болуп, башка офицерлер жаракат алган. Бул тууралуу БУУнун Ооганстандагы миссиясынын (UNAMA) басма сөз кызматы билдирди.

Агенттиктин маалыматы боюнча, чабуул өкмөткө каршы элементтер тарабынан жасалган, бирок бул алдын ала маалыматтар гана.

«Комплекс жайгашкан Гераттын айланасында бүгүн талиптер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда салгылашуулар жүрүп жатат. БУУ кол салуунун толук сүрөтүн чогултууга аракет кылып жатат жана бул үчүн тийиштүү тараптар менен байланышты сактап турат»,- деп айтылат UNAMAнын билдирүүсүндө.

Окуя болгон учурда объектинин кире беришинде гранатомет жана артиллерия атылган, БУУнун кызматкерлеринен эч ким жабыркаган жок.

«БУУга кол салуу фактысы өтө өкүнүчтүү. Биз каза болгон офицердин үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз жана жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайбыз. Бул кол салууну уюштургандар аныкталып, жоопко тартылышы керек» , - деди БУУнун Башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Дебора Лионс.

Ошондой эле Бириккен улуттар уюму комплексти чабуулчулардан коргогон Ооганстандын коргоо кызматтарынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Жарандык кызматкерлерге жана БУУнун түзүмдөрүнө кол салууга эл аралык мыйзамда тыюу салынган жана мындай аракеттер согуш кылмыштарына барабар болушу мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости