www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Валентина Шевченко кайрадан World MMA Awards сыйлыгына көрсөтүлдү

Кыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко беделдүү болгон эл аралык World MMA Awards сыйлыгына кайрадан көрсөтүлдү.

Сыйлык берүүчүлөрдүн расмий сайтындагы маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчу "Жылдын мушкер айымы" номинациясында ат салышууда. Бул категориядагы атаандаштары Маккензи Дерн, Кайла Харрисон, Роуз Намаюнас жана Манон Фиоро болмокчу.

Шевченко бул сыйлыкка биринчи жолу көрсөтүлүп жаткан жок. 2020-жылы "Жылдын мушкер айымы" жана "Жылдын эл аралык аренадагы мушкери" категориясында номинант болгон. 

World MMA Awards сыйлыгы Fighters Only журналы тарабынан 2008-жылы негизделген. Ага 22 категория камтылып, мыкты мушкерлер эле эмес, элдин эсинде калган нокауттар, беттештер, спорттук залдар, ТВ-программалар жана маалымат агенттиктери тандалат. Жеңүүчүлөр күйөрмандардын добушу менен аныкталат.

Спорттук иш-чаранын так убактысы жакында белгилүү болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости