www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-октябрь күнү Кыргызстандын Женева шаарындагы БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Д. Мукашев Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун жаңы жетекчиси Дарен Танг менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу Женевадагы (Швейцария) Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун штаб-квартирасында болуп өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мукашев Дарен Тангды аталган уюмдун башкы директор кызматына шайланышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалаган.

Тараптар Кыргызстан менен ДИМУнун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашкан. Аны менен бирге Мукашев Дарен Тангга Уюм тарабынан Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борборду түзүү менен Кыргызстандагы инновациялардын экосистемасын өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирген.

Мукашев башкы директорго ДИМУ менен Евразиялык Патенттик Уюмунун (ЕАПО) Кавказ, Борбор Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн аймактарында интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу жаатында технологиялык парктарды кеңейтүү боюнча биргелешкен долбоорунун ишине Кыргызпатенттин кызыгуусун билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости