www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАСА Aйга 4G интернетин орнотууну пландоодо

Фин-америкалык "Nokia Bell Labs" компаниясы Айга 4G-интернет орното турган болду. Мындай тапшырманы ага АКШнын аэронавтика жана космос мейкиндигин иликтөө башкармалыгы (НАСА) берди.

АКШнын маалымат каражаттары жазгандай, НАСАнын инженерлери Айдагы Интернет радиобайланышты жакшыртат деп эсептешет. Айга 4G тармагын орнотуу АКШнын Айда толук кандуу илим изилдөөчү базасын куруу боюнча планына да байланыштуу.

"Nokia Bell Labs" компаниясы өзүнүн системасы Айга 2022-жылы орнотула турганын жарыялады. Система астронавттарды ишенимдүү байланыш менен жабдып, Айдагы транспортту аралыктан башкарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул тапшырманы ишке ашыруу үчүн НАСА мобилдик байланыш компаниясына 14 млн. доллар берет. 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости