www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
25-декабрь күнү Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бужум айылындагы Т. Мурзапаров, Ш. Токсонов атындагы жана “Бужум” жалпы билим берүү мектептеринде Баткен РИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү тарабынан укук бузуулардын, кылмыштуулуктун жана жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Окуучуларга жол жүрүү эрежелерин сактоонун мааниси жана аны бузгандардын жоопкерчилиги тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн ар бир иш-аракети өзгөчө мааниге ээ экендиги баса белгиленди.
Ошондой эле, мектептердеги кыздар кеңештеринин төрайымдары менен биргеликте окуучу кыздар үчүн өзүн-өзү алып жүрүү маданияты, коомдогу жүрүм-турум нормалары жана жоопкерчилик маселелери боюнча атайын иш-чаралар өттү. Уюлдук телефондун туура эмес пайдаланылышынын терс таасирлери жөнүндө да эскертүүлөр айтылып, окуучулар пайдасыз жана зыяндуу иш-аракеттерден алыс болууга чакырылды.
Мектеп ичиндеги тартипти бузган окуучулар менен социалдык педагогдордун катышуусунда жекече маектешүүлөр уюштурулуп, алдын алуу чаралары көрүлдү.
Жаңы жылдык балаты майрамдарынын алкагында өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп, пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынганы жана анын мүмкүн болгон кооптуу кесепеттери тууралуу түшүндүрмө берилди.