www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Вьетнамдын компетенттүү органдары менен активдүү кызматташтыгынын натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген Кыргызстандын жараны Т.А. Бишкек шаарына экстрадицияланды.

Тергөө маалыматына ылайык, Т.А. жабырлануучуларга алдамчылык жолу менен 16,4 млн сом өлчөмүндө зыян келтирген. Ал КР Ички иштер министрлигинин жана Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлеринин коштоосунда өлкөгө жеткирилип, кылмыш куугунтугун улантуу үчүн тергөө абагына камакка алынды.

Башкы прокуратура эл аралык келишимдердин алкагында тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдарды экстрадициялоо боюнча иштерди улантууда. Бул чаралар жабырлануучулардын укуктарын коргоого жана кылмыш жоопкерчилигинен кутулбоо принциптерин камсыздоого багытталган.

Последние новости