www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 2766 квота бөлүндү

Быйылкы ажылык сапарга Сауд Арабиясы Кыргызстан үчүн 2766 квота бөлгөнүн бүгүн 20-апрелде Кыргызстандын Мусулмандарынын диний башкармалыгы (муфтият) билдирди.

Муфтият 2019-2020-жылдары ажылык сапарга баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер 25-апрелден тартып беш күн ичинде төлөм жүргүзүшү керек экенин эскертти.

Ажыга барчулардын жаш курагы 65 жашка чейин, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн жана бул инфекциядан таза экенин тастыктаган тести бар адам болушу керектиги белгиленди.

Дүйнөдөгү коронавирус эпидемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы убактылуу токтоткондон бери кыргызстандыктар ажылык сапарга бара элек. Ал жылы Кыргызстанга 6110 квота бөлүнгөн, сапардын баасы 3350 доллар деп аныкталган.

Ажылык мусулмандар үчүн аткарууга милдеттүү болгон беш парздын бири болуп эсептелет. Бул жылы ажылык июль айында башталат деп болжолдонууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости