www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 9 ай ичинде Юстиция министрлигинен 300дөй аял үй-бүлөлүк зомбулук боюнча адвокаттык жардам алды. Бул тууралуу Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдан тарта адвокаттар зордук-зомбулук боюнча билимин жогорулатып, атайын тизме түзүлөт.

"Ушул жылдын 9 ай аралыгында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 1 миң 163 жаранга укуктук кеп-кеңеш берилди. Ошондой эле 300дөй аял үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча адвокаттык жардам көрсөтүлдү", - дейт ал.

Калбеков кошумчалагандай, Кыргызстанда иштеп жаткан адвокаттардын саны 2 миң 500 адамды түзөт. Жалпы 4 миңден ашык адвокатка лицензия берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости