www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Project Syndicate» журналына Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин өлкөдөгү саясий кырдаалды талдаган блогу жарыяланды.

«20 жылдын ичинде үч революцияны ишке ашыруу менен кыргыз эли коррупциялашкан режимди өтө тез кулата алчу сапатка ээ экенин далилдеди. Бирок режимди талкалагандай, мамлекетти кайра курганды үйрөнө албаса саясий башаламандык жана мамлекеттүүлүктү жоготуу коркунучунда турат», - дейт Оторбаев.

Экс-премьер 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин келип чыккан башаламандык, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу, Сооронбай Жээнбековдун бийликтен кетиши, Садыр Жапаров тууралуу баяндап, 10-январга пландалган президенттик шайлоо менен конституциялык реформа тууралуу оюн айткан.

«Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртсө эле баары жомоктогудай өнүгүп кетет деген уламыш бар. Тилекке каршы, конституциялык өзгөртүүлөр качан гана коом толук аңдап, андагы жазылгандарды жүзөгө ашырмайын өнүккөн жашоого алып барбайт. Акыркы апталардагы өтө тез өзгөргөн окуялардан улам эл аралык коомчулук Кыргызстандагы башаламандыктан чочуп турат» - деп билдирген Оторбаев.

Эске салсак, Жоомарт Оторбаев акыркы ирет 2014-2015-жылдары Кыргызстандын премьер-министри болуп иштеген. Ал 65 жашта, бир катар эл аралык окуу жайлардын профессору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости