www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл үрөндүн сапатын арттыруу үчүн бюджеттен дыйкандарга 50 миллион сомдук дотация берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 10-февралдагы жыйынында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында «Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланды.

Ага ылайык, мамлекет артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүүгө кеткен чыгымдардын 30 пайызын төлөп берет. Артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнө күздүк жана жаздык буудай, арпа, кант кызылчасы, пахта, жүгөрү, төө буурчак, беде кирет.

Министрдин орун басары Керималиевдин айтымында, азыр өлкө боюнча 109 үрөн чарбасы бар, алардын 11и мамлекетке таандык.

«Азыркы учурда Чүй облусундагы 39 үрөн чарбасынын 16сы аттестациялоодон өттү», — деди Керималиев.

Талкуу маалында депутат Аалы Карашев  жеңилдетилген шарттар берилгенине карабастан, үрөн чарбалардагы түшүм алуу төмөн экенин айтып, министрликти бул багытта чараларды күчөтүүгө чакырды.

Айыл чарба министрлигинин өкүлү жазгы себүү өнөктүгү учурунда 63 миң тонна үрөн керектелерин, атайын чарбалар өндүргөн үрөн керектөөнүн 84 пайызын камсыз кыларын билдирди.

«Үрөн чарбалар иштеткен аянт болгону 30 миң гектарды түзөт, ошондуктан алар үрөнгө болгон керектөөнү толук камсыз кыла алышпайт», — деди министрликтин өкүлү.

Депутат Максат Сабиров мамлекеттик дотацияларды берүүнүн механизмдерин жакшыртуунун, маселен, ири үрөн чарбаларына эмес, карапайым элдин керектөөсүнө артыкчылык берүүнүн зарылдыгын белгиледи.

«53 млн сом чоң деле сумма эмес, аны алган чарба жардамды сезбеши деле мүмкүн. Жардамды биринчи кезекте чакан чарбалар алууга тийиш», — деди М.Сабиров.

Депутат Эрмамат Тагаев министрликтин дыйкандарга көмөгү тийбей жатканын билдирди. Ага карабай жылына мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнгөн бул министрликти жоюп салып, дыйкандар өз алдынча иш кылса туура болоорун айтты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости