www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 11 ай ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 миң 337 факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бул тууралуу Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улан Маматканов кабарлады.

2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 7 миң 428 факты катталган.

Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 25 жаран шектелип, 48 саатка камалган. Анын ичинен Бишкекте 13, Чүйдө 5, Ысык-Көлдө бир, Ош облусунда бир, Талас облусунда бир жана Баткен облусунда 4 жаран кармалган.

Буга байланыштуу 71 иш сотко өткөн. Мындай зомбулуктан 50гө жакын адам жапа чеккен. Мунун ичинен 11и — жаш балдар.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости