www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку соттун төрайымына байланыштуу айтылып жаткан иш боюнча кармалган кызматкерге карата Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) басым көрсөтүлгөн. Бул тууралуу 29-декабрда «эки бир» берүүсүндө Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева билдирди.

Калиева атайын кызмат ага карата айтып жаткан айыптоону күбөлөргө басым жасоо менен алган болушу ыктымалдыгын белгиледи:

«22-октябрда «Адилет соттун» жетекчиси камакка алынды. Менде анын үн менен жөнөткөн маалыматы бар. Ал «Мени биздин келишимдерден сиз акча каражатын алгансыз деп айтууга мажбурлап жатышат» деп айтып жатат. Басымды УКМКнын кызматкерлери жасаганын айтты. 37-жыл буга чейинки кылымдын «кара барагы».

Мен 37-жыл деп айткым келбейт. Бирок камакка эмне үчүн алат? Камакта болгондо адамга психологиялык, физикалык кысым көрсөтүп, анан чыгарат. Аны бир айча кармашты. Мүмкүн, мага койгон айып алардын көрсөтмөсү боюнчадыр.

Бирок, көрсөтмөлөр басым менен алынган. Себеби аны УКМК бир айдан кийин кайра өзү суранып, камактан чыгарды.

Ошондой эле Калиева бир да документке кол койбогонун, УКМК анын өзү менен байланышпаганын билдирди.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости