www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл жөлөкпул алгандардын саны 542,6 миң адамды түздү

1-ноябрына карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын жалпы саны 542,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызмаьы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө жөлөкпул алуучулардын саны – 330,0 миң адамды түздү. “Социалдык жөлөкпул” - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 92,8 миң адамга жетти. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул “балага сүйүнчү” алуучулар – 119,8 миң адамды түздү.

Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 6 млрд 359 млн 400 миң сом акча каражаты каржыланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости