www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалды

Бишкекте милиция мыйзамсыз курал алып жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 29-ноябрда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 08:30 чамасында Фрунзе жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде өзүн туура эмес абалда алып жүргөн белгисиз жаранды байкап, аны текшерүүгө алышкан.

"Кызматкерлер тарабынан текшерүү учурунда 2002-жылы туулган А.А. аттуу жаран белгисиз үлгүдөгү тапанча жана анын 6 патронун мыйзамсыз алып жүргөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча аталган жаранды Свердлов райондук ИИБисине өткөрүп беришкен. Азыркы учурда Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды"- деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости