www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыктар менен тылтыктар

Бардык цивилдүү өлкөлөрдө тигил же бул мамлекеттик жогорку даражадагы жетекчиге, чиновникке мамлекет башчысы ишенбей калгандыгын билдирсе, алар автоматтык түрдө отставкага кетишет. Алсак, Россияда Д.Медведев президент болуп турганда Москванын мэри Ю.Лужковго ишеним артпай калгандыгын билдиргенде, ал ошонун эртеси отставкага кеткендигин жарыялаган.

Валери Жискар де Эстендин эскерүүлөрүнө ылайык, Франциянын ошол убактагы министрлери президент Шарль де Голлдун каштарын жыйыра жекире карап койгонунан эле тийиштүү жыйынтык чыгарышчу экен. Ал туура, өлкөдө канчалык демократия, адам укуктары болбосун, мамлекеттик чиновниктер үчүн мамлекет башчысынан бийик да, ыйык да бийлик да, авторитет да жок. Ал бардык цивилдүү өлкөлөрдө бекем сакталат. Антпесе кайдан натыйжалуу башкаруу болот?

Тилекке каршы, биздеги көпчүлүк жетекчилер, мамлекеттик чиновниктер этика, вертикалдык императив, элдин кызыкчылыгы дегенди унутушту. Эгерде андай болбосо Мамлекеттик архитектура жана курулуш, коммуналдык чарба агенттигинин жетекчиси Бактыбек Абдиев Коопсуздук кеңешинин 24-январдагы отурумунда президент тарабынан ага айтылгандарды уккандан кийин автоматтык түрдө отставкага кетиши керек эле. Ал ыктыяры менен кеткиси келбесе, өкмөт башчысы ага жардам бериши керек болчу. Бирок президенттин сынынан Абдиев эмес, Өкмөт да жыйынтык чыгарбагандыгы таң калтырат.

Ага чейин президент энергетика жана тоо кен ресурстары боюнча комитеттин жетекчисин сындап, сөгүш да берген болчу, бирок андан деле же Э. Осмонбетов, же Өкмөт жыйынтык чыгарган жок. Булардын баары бизде мамлекеттик кызматкерлердин этикасы, маданияты али калыптана электигинен, аларда уят, коомдук пикирден айбыгуу деген нерселерден кызматтын кумары күчтүүлүк кыларын, өкмөт мүчөлөрү “көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин” деген принципке өтүп алышканынан гана кабар берет...

Айтор, Жогорку Соттун торайымы менен Башкы прокурор былтыйышкандай көрүнүш уланууда... Былтыйышып, тылтыйышып отурушат, билмексенге салышып... Дегеле кетейин деген ойлору жок...

Мирлан Дүйшөнбиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости