www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатат. Бул мыйзам боюнча Транспорт жана жол министринин орун басарынын айтымында жүк 10 тоннадан ашык жүк алып өтүүгө чек коюлат.

Ал эми бул маселеге Жүк ташуучулар ассоцияциясынан депутатка телефон аркылуу байланышышкан. Транспорт министрлигинин айтканын четке кагып: “Жүк 7 тоннадан ашкандан кийин акча алып жатышат”,-деп өз нааразычылыгын айтышкан. Орун басар конотрдо канча жүк ташылышы керектигин илинип турарын айткан менен, депутат токтомдун баарын илип коёт экенсиңер, ток этер жерин жазбайсыңарбы? Шоопур анын баарын түшүнмөк беле? Токтомуңар дагы логикалык жаткан туура эмес түзүлгөн.”,-деп билдирди. Ал эми министрликтин ЖК депутаттарынын суроолоруна жооптору начар деп бааланды.

 Эске сала кетсек, Марлен Маматалиев автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорун алып чыккан. Долбоордо адамдардын катышуучусуз электрондук системага өткөрүү көздөлүүдө. Бул система аркылуу коррупция схемасын жоготуу негизги максат болуп саналат. Аталган мыйзам долбоору ЖК тарабынан 1-окуудан өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости