www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, парламенттин жыйынында автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатат.

Анда демилгечилердин бири Марлен Маматалиев жолго биринчи кезекте автоматташтырылган таразаларды орнотуп, жүк ташуу агымына көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин билдирди. Ошондой эле, бул жаңы система “Коопсуз шаар” долбоорундай эле иштээрин айтты.

Депутат Калдарбек Баймуратов бул сунуш кылынып жаткан система канчалык тез иштерин сурап, айдоочу алып бара жаткан жүк керектүү салмактан ашып кетсе, ага канча убакыттын ичинде кабар түшөрүн сураган.

Анда Марлен Маматалиев айдоочуга айып пул тууралуу ошол замат маалымат түшөөрүн, аны төлөөгө бир ай убакыт берилээрин айтты.

“Көп эмеспи? Кийинки терминалга барганда эле төлөп койбойбу? Эмнеге биз бир ай убакыт берип атабыз ага?”,-деп депутат Баймуратов суроо узатты.

Анда Марлен Маматалиев: “Бул жерде максат акча алуу эмес, ошол эле жерде бир эле жолу 15-55 миң айып пул төлөгөн жаран экинчи салбай калабы деген ой да”,-деп жооп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости