www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр Салык кызматы 62,9 млрд сом жыйнады

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылы республикалык бюджетке 62 млрд 958 млн сом салык чогулткан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев билдирди.

Анын айтымында, коюлган план 100,2 % аткарылган же 107,3 млн сомго ашыкча жыйналган.

“Белгилей кетсек, коронавирустун айынан жарыяланган карантинге байланыштуу 2020-жылдын апрель-майында мамлекеттик бюджетке 6,4 млрд сом, ал эми республикалык бюджетке - 5,4 млрд сом салык толук түшпөй калган. Өлкөдөгү эпидемиялогиялык кырдаалга жана салык кызматына мурда белгиленген планды 3 млрд 58,3 млн сомго көбөйтүү менен 2020-жылдын ноябрь айындагы республикалык бюджетке киргизилген өзгөртүүлөргө карабастан жылдык план ашыгы менен аткарылган”, - дейт ал.

К.Абдалиев кошумчалагандай, салыктар боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруу бир катар факторлор аркылуу ишке ашты. Атап айтканда, 2020-жылдын 1-июлунан тартып ишке киргизилген "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун долбоорлору, анын ичинде электрондук счет-фактуралар да өзүнүн жыйынтыгын берди. Мындан тышкары, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соодалашуу алкагында кыйыр салыктарды башкаруу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, ал 2021-жылы Салык кызматы мамлекеттик бюджетке 96,7 млрд сом, анын ичинен республикалык бюджетке – 79,3 млрд сом, жергиликтүү бюджетке – 17,4 млрд сом чогултуу милдети турганын билдирди.

Муну менен катар, К.Абдалиев Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылы 33 млрд 190,8 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогулткан. Белгиленген план 100,5 %га аткарылды же 163 млн сомго көп жыйналганын белгиледи.

"2019-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 766,1 млрд сомго көп чогултулду.

Эскерте кетсек, 2019-жылдан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ордуна Салык кызматы башкарып келет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын салык органына өткөрүп берүү бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган, себеби, бул юридикалык жана жеке жактардын администрациялык жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет.

Алсак, салык төлөөчүлөргө салык боюнча жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча эки отчетту бир гана мамлекеттик органга тапшырууга, ошондой эле патент гана эмес, камсыздандыруу полисин да алууга ыңгайлуу, бул иш-чара төлөөчүлөрдүн кетирген убактыларын алда канча үнөмдөмөкчү.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууда дагы бир жаңылык – Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүн Бирдиктүү казыналык эсеби аркылуу кабыл ала баштады. Мурда Салык кызматы тарабынан чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары КР Социалдык фондунун алыш-бериш эсебинде топтолгон.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн кабыл алуунун жаңы ыкмасы Социалдык фонддун бюджетинин киреше бөлүгүнүн операцияларын Борбордук казынанын борборлоштурулган эсебине которуу аркылуу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүүгө багытталган”, - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости