www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

280 батирлик көп кабатуу үй, алтын кенин жана "Синхуа" ресторанын сугунуп койгон Манас Арабаевтин чоң кылмышы. Ал бүгүн кызматтан кетти, жоопко качан тартылат?

Коомдук ишмер Рустам Маманов менен ишкер Рустам Воиновдун камалышы чуулгандуу кылмыш иш менен байланыштуу болуп чыкты. Мындан алты жыл мурун Кытайдан келген ири инвестор Гао Жин Вей Рустам Воиновдон кызылдай акчага Кулатова-Элебаева көчөлөрүнүн кесилишиндеги чоң жер тилкесин жана курулуш компаниясын сатып алган. Гао Жин Вэй ал жерде 280 батирлүү "Даймонд Сити" аттуу көп-кабаттуу үй курган экен. Куүндөрдүн биринде Гао Жин Вэйге анын сатып алган курулуш компаниясы, жер тилкеси жана өзү курган имараты ага таандык эмес болуп калганы белгилүү болот. Көрсө, Рустам Воинов сот системасынын куратору Манас Арабаев аркылуу сатып алуу келишимин жокко чыгартып алган болот. Муну Манас Арабаев өзү койгон Свердлов сотунун төрайымы Джаркеева Эльвирага тапшырма бердиртип кытай ишкердин бизнесин Рустам Воиновго тартып берет. Анан эле “чаң-чуң” деп Кытай ишкери соттошуп баштайт. Мындан чочулаган Манас Арабаев, Рустам Воинов экөө тартып алган бизнести Саттаров аттуу үчүнчү адамга каттатып салышат. Буга кайрадан Э.Джаркеевага көмөктөшөт. Андан соң алар убакыттан көп кечирбей 280 батирлик үйдүн батирлерин тез арада сатышат. Квадраты 800-900 доллар турган батирлер айрым учурларда беш-ондоп пачкалап 300-350 доллардан сатылат.

Ошол эле убакытта башка кытайлык ишкер Чен Мао Чундун Түштүктөгү "Баткен майнинг" алтын кени жана Бишкектеги Панфилова паркынын жанында жайгашкан "Синхуа" аттуу рестораны дал ушундай рейдерлик жол менен тартып алынат.

Сот системасынын куратору Манас Арабаев өзү жумушка орноштурган досу Биринчи Май сотунун төрайымы Айнура Сатаровага оозду ачкан Кытайлыктан бизнесин тартып алуу тапшырмасын берет. Кытайлык менен жергиликтүү партнеру экөөнүн мыйзам чегинде түзүлгөн келишимдери сот аркылуу жокко чыгарылат дагы, Кытайлыктын өзүнө иш козголуп, Кыргызстандан качууга аргасыз кылышат.

Андан соң буга чейинки схемага ылайык Чен Мао Чундун рестораны менен алтын кени тез арада сатылып, “Синхуа” рестораны бир заматта "Базилик", анан көп узабай "ПроКазан" деп, ээси жана ысымдары алмашат.

Эки кытайлык качып кетүүгө аргасыз болсо дагы алар Кыргызстандан адвокаттарды жалдап соттошууга өтүшөт. Бирок андан эч кандай жыйынтык чыкпайт. Акыры инвесторлор Президент А.Атамбаевге кайрылышат. Бирок Президенттен дагы эч кандай козголуу менен өзгөрүү болбойт.

Ал эми бүгункү күндө, Президент Сооронбай Жээнбеков сот системасындагы терс көрүнүштөргө сын айткандан тартып, инвесторлордун иштери кайра каралып, аларга козголгон иштер кыскартылып, тескерисинче рейдерлик кылган адамдар четинен камалып башталгандай...

Чон ууручулуктун башында турган Манас Арабаев бүгүн кызматтан кетсе, анын жан-жөкөрлөрү Айнура Сатарова, Эльвира Джаркеевалар кызматынан тебилиши керек.  

Баса, Манас Арабаевдин былыктары тууралу delo.kg сайты дагы бир нече далилдерди жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости