www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, Арабаев ээлеген кызматынан “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде бошотулду.

Буга чейин Манасбек Арабаевдин аты бир катар соттук иштерге киришери тууралуу айтылып келген. Мурдагы судья Максуда Оморова кызы Гүлчехра Оморованы судьялык кызматтан мөөнөтүнөн мурда алынганы үчүн Арабаевди "сот чечимдерине, кадр саясатына кийлигишет" деп күнөөлөгөн. Арабаев бул айыптоолорду четке каккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости