www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-июнда Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл өкмөтүндө ушул тапта камакта жаткан Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышты. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү тургун Санжар Ашыралиев билдирди.

-Биз бейкүнөө камакта жаткан Садыр Жапаровдун тарапташтары бийликтегилерден тактап айтканда президентибиз Алмазбек Атамбаевден, Садыр Жапаровду жана тарапташтарын камактан чыгарып бeрүүнү суранабыз. Бийлик, мындай адилетсиздиктен жапа таркан камакта жаткан балдардын келечегин ойлоп, кайдыгерлик кылбашы керек. – дейт митингдин катышуучусу Санжар мырза.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров кыргыз-казак чек ара тосмосунан 25-март күнү кармалып камакка алынган. Ушул тапта сот процесси жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости