www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Эркиндик бульварындагы китеп кутучаларына карыялар китеп белек кылышты. Иш-чара карыялар клубунун демилгеси, Улуттук Кызыл Ай коомунун жана «Окуган Эркиндик» командасынын колдоосунда өткөрүлдү.

«Бул демилгени биздин клубдагы карыялар көтөрүп чыгышты. Ар бири өзүлөрү китептерин көтөрүп келишип, «Шаарыма белек» акциясын өткөрөлү деген демилге сунуш кылышты. Жалпысынан эки жуздон ашык китеп чогулду. Китеп чогултуу акциясына жыйырма бештей карыя катышты. Клубда эки жүздөй карыя бар.  Карыяларыбыз өзүлөрү барып китептерди кутучаларга салышты. Акцияга катышкан мүчөлөрүбүз өзүлөрү баалаган сапатуу, барактары айрылбаган китептерди алып келишти», -деди Улуттук Кызыл Ай коомунун жалгыз бой карыларга жардам көрсөтүү долбоорунун координатору Жамиля Мадалбекова.

Клубдун мүчөсү Елена Калинина: «Мен учурунда аябай көп китеп окугам. Ошондуктан азыркы жаштар дагы китеп окуп дүйнө тааныганын каалар элем. Бул иш чарага он алты китебимди белек кылдым». Буга чейин бульвардагы китеп кутучаларын «Окуган Эркиндик» командасы жайгаштырган.

«Мага бүгүнкү акция абдан жакшы таасир берди. Акцияга карыяларлардын активдүү болуп жаштар менен баарлашып бирге салым кошкону кубандырды.Ошондой эле улуу муундун шаарга белек кылган китептери баардык курактагы жаранга арналган. Совет доорунун классикасы дагы камтылган. Эгер баардык жарандар ушундай салым кошсо жакшы болмок»,-деди «Окуган Эркиндик» командасынын мүчөсү Атай Самыйбек.

Бул акция бир жыл бою улантылат. Буга чейин дагы кутучаларга китептер салынган бирок азыркы күндө кутучалар бошоп калган. Ошондуктан демилгечилер ар бир китепке мөөр басышты. Ар бир карыя мындан кийин кезектешип, салынган кутучалардагы китептерге көзөмөл жүргүзөт.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости