www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин белгилүү, мыкты акын, котормочубуз Жыргалбек Касаболотов Булат Окуджаванын “Осудите сначала себя самого...» аттуу ырын бүгүн орусчадан кыргызчага заматта оодарды.

Эмнеге бүгүн? Анткени Булат Шалвович Окуджаванын (1997-жылы 12-июнда) бу дүйнө менен кош айтышкан күнү. Атактуу бард (өзү ыр жазып, ага обон чыгарып, гитара менен аткарып чыккан адам), прозаик, сценаристтин белгилүү ырын биздин котормочубуз мыкты которуптур! Бали!

 

«Өзүңөргө сын таккыла башында...»

Адегенде өзүңөргө сын тагып,
Алгылачы өнөр кылып үйрөнүп.
Андан кийин касыңарды кеп кылып,
Ашаткыла коңшуңарды дүйнөлүк.

Качан болсо өзүңөрдөн кенедей,
Ката кетсе кечирбешке көнгүлө.
Анан гана касыңарга айкырып,
Айыптарын тоого теңеп көргүлө.

Өзүңөрдү жеңгилечи башында.
Өтөгөн соң ошол иштин парызын -
Акырында акыл-эсиң оңолуп,
Ажеп эмес адам болуп калышың.

 

Осудите сначала себя самого...

Булат Окуджава

Осудите сначала себя самого,
Научитесь искусству такому,
А уж после судите врага своего
И соседа по шару земному.

Научитесь сначала себе самому
Не прощать ни единой промашки,
А уж после кричите врагу своему,
Что он враг и грехи его тяжки.

Не в другом, а в себе побеждайте врага,
А когда преуспеете в этом,
Не придется уж больше валять дурака -
Вот и станете вы человеком.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости