www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы Бишкек жылуулук электр борборунда реконструкция жүргүзүлбөгөндө мындай суукта шаар ичиндеги бардык суу түтүктөрү толугу менен жарылып, иштен чыкмактыгын баса белгилеп кетти

Премьер-министр Сапар Исаков ТЭЦтеги түзүлгөн кырдаал боюнча калаа тургундарына кайрылуу жасады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Премьер калаа тургундарынан кечирим сурады.

"Түзүлгөн кырдаал үчүн баарыңыздардан кечирим сурайм жана актангым келбейт. Абал тыкыр иликтөөгө алынат. Бардык күнөөлүү кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жазаланат. Бүгүнкү күндө шаар тургундары үйлөрүн жылытууда электр энергиясын өтө көп керектеп жатышат. Ошонун натыйжасында Бишкек жылуулук тармагына күч келип, анын иши үзгүлтүккө учурады", — деп жазылат өкмөт башчынын кайрылуусунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости