www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) азыркы абал тууралуу маалыматты укту. Сапар Исаков жылуулук борборунун ишин калыбына келтирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Жолугушууда Сооронбай Жээнбеков Премьер-министрдин борбор шаар тургундарын жылуулук менен камсыз кылуунун үзгүлтүккө учурашынын себептерин кылдат изилдөө, тийиштүү тыянактарды чыгаруу  жана жылуулук борборунун ишинин үзгүлтүккө учурашына күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тууралуу чечимин туура деп белгиледи.

«Мындан ары буга жол бербөө үчүн стратегиялык объектидеги кырсыктын себептерин кылдат талдап чыгуу керек», - деп белгилөө менен Мамлекет башчысы жана энергосектордун маселелерин комплекстүү чечүү зарыл экенин кошумчалады.

 «Бишкек жылуулук борборундагы кырдаал пайда болгондон баштап менин  жеке көзөмөлүмдө болду. Тез арада бишкектиктердин үйлөрүнө жылуулук толук өлчөмдө берилиши керек», -  деди Сооронбай Жээнбеков. Президент ооруканаларды, балдар бакчаларын, мектептерди жана башка социалдык объектилерди жылуулук менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мамлекет башчысы борбор шаардын ЖЭБдагы ремонттоо-кайра калыбына келтирүү жана кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн өлкө калкын электр кубаттуулугу жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо иштерин катуу контролго алуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

«Адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна тийиштүү иште майда маселе болбойт. Ал мамлекеттин камкордугундагы негизги маселе болууга тийиш», - деди Президент. 

Мамлекет башчысы социалдык мекемелерди жылуулук менен камсыз кылууну, бул маселеге байланыштуу келип чыккан көйгөлөрдү ыкчам чечүүнү, элге борбор шаардын ЖЭБдагы кырдаал тууралуу так  жана толук маалыматты жеткирип турууну тапшырды.

Сооронбай Жээнбеков шаардыктарга катуу суук күндөрү көрсөткөн чыдамкайлыктары үчүн, ал эми үч сутка бою иш үстүндө болуп, жылуулук борборунун ишин калыбына келтирүү үчүн бардык күч аракетин жумшап жаткан жумушчуларга – каарман эмгеги үчүн  ыраазычылык билдирди.

«Бишкекте эле эмес, бүт өлкө боюнча кыргызстандыктар жылуулук жана электр менен камсыз болушу керек, - деди Президент Сооронбай Жээнбеков. – Бардык коммуналдык кызматтар сааттын жебесиндей так иштөөгө тийиш. Биз кыштын бул катаал сыноосунан татыктуу өтүшүбүз керек».

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости