www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Cапар Исаков каттуу чоочуп, таң калды...

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата Бишкек ТЭЦин модернизациялоого Кытайдан келген 386 млн долларды максатсыз пайдаланганы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгону маалым болду.

Эске сала кетсек, ал буга чейин УКМКга эки ирет күбө катары суракка чакырылган. Үчүнчүсүндө, 29-майда да суракка чакырылып, өзүнө карата кылмыш иши козголгонун, айып тагылганын билип чыкты. Чыга калып эле ал журналисттерге “Мага кылмыш иши козголгонун жаздыңар да. Мен азыр ачуума чыдабай турам. Адегенде социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында Сапар Исаковдун атын тебелешти. Андан соң ушундай антураж түзүп, кылмышкер катары көрсөткүсү келип жатышат. Биз эми адвокаттар менен тыгыз иштеп, күнөөсүз экенибизди далилдейбиз. Бул таптакыр чектен чыгуу, мен нес болуп турам”, - деп даттанып алды.

Анын мындай актануусу – албетте “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген макалды эске салды.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов маалымат булактарына С. Исаковго карата козголгон кылмыш иши боюнча төмөндөгүчө комментарий берди: “Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу түрүндө бөгөт чарасы каралды. Такталган маалымат боюнча, ал 2013-жылы президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп туруп, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланып, адамдардын бир тобу менен алдын-ала белгиленген иш-аракеттерди кылуу аркылуу жалдануучуну тандоодо чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргогон. Мунун жыйынтыгында мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыкка ири өлчөмдөгү чыгым келтирилген”.

Буга чейин Жогорку Кеңеште да Бишкек ТЭЦиндеги кырдаал боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып, анда С. Исаковдун дарегине да катуу сын пикирлер айтылган. Аягында анын жоопкерчилигин өзүнчө бөлүп кароону камтыган токтом кабыл алышкан.

Парламенттеги талкууда Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо кытайлык ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын коргоо үчүн С. Исаковдун ошол учурдагы президент А. Атамбаевге кызматтык кат жазганы, андан кийин Энергетика министрлигине ишти аткаруу керектигин буйруган кат жөнөткөнү айтылган.

Учурда саясат талдоочулар да С. Исаковдун курулай актануусу суу кечпей тургандыгын белгилешүүдө. Мисалы, саясат талдоочу Эмил Жураев маалымат булактарынын бирине С. Исаковдун кандай териштирүү болбосун, так жана обьективдүү маалымат бергени жакшы болмок экенин билдирген.

“Албетте, кандай гана жетекчи болбосун "ката кетирдим, меники туура эмес" деп мойнуна албайт. Бирок Исаков мырза кандай териштирүү болбосун так, обңективдүү маалымат бергенге умтулса жакшы болмок. Ал коммуникациялык согуш катары колдонууга аракет кылууда. Акыркы учурдагы Кыргызстан үчүн төбө чач тик тургандай маалыматтар айтылып жаткан учурда "мен алар менен сыймыктанам" деп чыкканы - албетте ар кандай бүдөмүк суроону жаратаары турган иш», - дейт ал.

Туура сөз. С. Исаков эки сөзүнүн биринде эле экс-президент А. Атамбаевди көкөлөтө мактап, «биз аябай таза иштегенбиз» деп атканын угуп атабыз. Бирок, эгер алар таза иштесе, анда бир кычкачтын баасы 640 доллар, бир эшекке окшош жыгачтан жасалган аттын баасы 14 000 еврону чапчыйт беле? Курулай актануу менен жоопкерчиликтен качууга болбойт.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости