www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү органдары тарабынан 1 млн 382 миӊ сом көлөмүндө зыян келтирилгени аныкталып, анын ичинен 1 млн 382 миӊ сом өлчөмүндө каражат ордуна коюлган. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеӊеште өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди. Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Отчеттук мезгил аралыгында укук коргоо органдары тарабынан 1037 коррупциялык багыттагы кылмыш иши козголсо, анын ичинде прокуратура органдары тарабынан 703 кылмыш иши, улуттук коопсуздук органдары тарабынан 42 кылмыш иши, экономикалык кылмыш менен күрөшүү органдары тарабынан 49 кылмыш иши, ички иштер органдары тарабынан 242 кылмыш иши козголгон.

Алдынала маалыматтарга караганда, жогоруда аталган коррупциялык кылмыш иштери боюнча 670 млн 150 миӊ сом өлчөмүндө зыян келтирилгени белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости