www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парапсихолог-экстрасенс Изумрутхан азыркы президент мечен экс-президенттин ортосундагы мамиле сууп, акыры экөөнүн ортосунда пикир келишпетиктер болоору тууралуу буга чейин ММКнын биринде маек берген эле. Бул парапсихологдун айтканы учурда туура чыккандыктан биз дагы ага атайын саясатка байланыштуу эки-үч собол менен кайрылган элек. Изумрутхан айым болгонун ачык айтып төмөндөгүдөй жоопторду берди.

—Сиз буга чейин массалык маалымат каражаттарынын бирине саясат­ка байланышкан маек берген элеңиз. Ошондо азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосунда пикир келишпестик болуп, экөө акыры эки жээкке кетээрин ачык эле айткансыз. Чындыгында экөөнүн мамилеси мурдагыдай болбой калганы жалпы коомчулукка деле белгиүү болуп калды. Сооронбай Жээнбеков эми биротоло өзүнүн  жолу менен кетеби, же мурунку президент дагы деле саясатка таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

—Сооронбай Шарипович өзүнчө партия түзөт окшойт. Учурда азыркы парламенттин тарашы-тарабашы тууралуу маселелер козголуп жатат. Ал эми парламенттин мөөнөтүнүн аягыначейин иштөөсү Жээнбековго байланыштуу болот. Президент парламентти кааласа 2020-жылга чейин иштетип, же болбосо таратып жиберет. Мурунку президент болсо мамлекеттик иштерге көп деле кийлигише албай калды. Негизинен экөөнүн жолу эки башка болгондуктан Атамбаев­дин ою жакшы болбой жатат. Жээнбеков күчтүү болуп баары бир өзүнүн саясатын жүргүзөт.

—Дегеле азыркы прези­дент элдин үмүтүн актай алабы?

—Эл азыркы президенттен аябай үмүт кылгандыктан ал киши дагы аракет кылып жа­тат. Президентке өзүнүн командасы менен иштөөсү үчүн кадр маселесинде көптөгөн тоскоолдуктар болушу мүмкүн. Бирок мындай жагымсыз көрүнүштөр убактылуу гана болгондуктан акыры прези­дент элдин үмүтүн актап Кыр­гызстан үчүн жемиштүү иштеп берет. Анткени мурунку президенттин жолу менен кетпей өзүнүн программасын ишке ашырат.

—Азыркы өкмөткө карата “Балдар кетип, чалдар келди”-деген дагы сын-пикир айтылды. Андан тышкары спикердик ишине дагы ыраазы болбогондор дагы көп болууда. Булар тууралуу сиз эмне демекчисиз?

—Абулгазиев көптөгөн кыйынчылык менен иштейт. Ошон үчүн колунан келишинче аракет кылат. Бирок азыркы Өкмөт деле отставкага кетүүсү мүмкүн. Мындан тышкары спикер деле ишти жакшы алып кете албай бир топ кыйынчылыктарга туш болот.

Парапсихолог, экстрасенс Изумрутхан

Касиеттүү тесме менен төлгө ачат. Аракты, наркотикалык заттарды колдон гон адамдарды 100% кепил дик менен айыктырат.  Багы ачылбаган улан-кыздардын багын ачат. Каргыш, кара дубадан, көз, сөз өткөн терс энергияны ылдам сеанс ме­нен айыктырат. Депрессиядан чыгарат, уйкуну калыбына келтирет.  Касиеттүү дубалар менен дем салат.  Жогоруда жазылгандын жыйынтыгы 3 күндө билинет ( 100% лечения от алкоголя).

Кабыл алуу: 11-00дон 18- ООгө чейин.

Жума күнү эс алат.

Дареги: Бишкек шаары, Жумабек көчөсү, №9-үй

(Осмонкул көчөсү менен кесилишет).

Тел: 0779 08-67-68, 0705 00-38-19.

Алдын ала байланышып келиңиздер!

Нуркемел ИСАЕВ

Булак: Багыт.кж

Последние новости