www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Cасык тумоодон сактангыла!

Ысык- Көл районунда сасык тумоо орусу 2017 жылга 2764 учур катталган, анын ичинен 14 жашка чейин 1448 учур, 1 жашка чейин балдар 266 учур катталган. 2018 жылдын 10 айынын ичинде 3673 оорулуу катталган, анын ичинен 14 жашка чейин 2368 учур, 1 жашка чейин балдар 463 учур ктталган.КөпчүлУк учурда медициналык жардамга кеч кайрылгандар.

Сасык тумоо сууктун түшүшүнөн улам чөйрөдөгү чаң аркылуу, аба аркылуу, оорулуулар жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, бет аарчыны тосуп жөтөлбөй, оозун тоспой жөтөлгөндө, эл көп топтолгон жерлерде, окуучуларга мектепте, көчөлөрдө көбүрөөк жугат. Сасык тумоо курч кармаган оорулардын катарына кирет.

Бир, эки, ашып баратса үч күндүн ичинде оорунун алгачкы белгилери байкалат. Адам алсырап, башы ооруп, чүчкүрүшү мүмкүн. Жөтөлөт, эти ысыйт. Мурду бүтөт, алы куруп, тамакка табити тартпай калат. Көңүлү айланышы мүмкүн, кээде ичи ооруйт. Көбүнчө мурундун үстү, көздүн тегеректери, чыкый ооруйт. Жаш балдар кусуп, ичи өтүшү да мүмкүн.

Сасык тумоо оорусунун- алдын алуу чаралары спецификалык жана спецификалык эмес деп бөлүнөт. Спецификалык чаралар дегенибиз күз айларында, эпидемия баштала электе сасык тумоолорго каршы эмдөөлөрдөн өтүү керек.

Ал эми спецификалык эмес алдын алуу чараларына организмди чыңдоо-физкультура, физзарядка, муздак суу куюнуу менен организмди чыңдоо кирет. Анан албетте, өз убагында тамактануу, өз убагында дем алуу зарыл. Витаминдүү тамактар менен азыктануу негизги ролдордун бирин ойнойт. Күздө, кышта “С” витамини көп мөмө –жемиштерди көбүрөөк жеш керек.

“С” витамини көп - цитрус жемиштеринде: лимон, апельсин, мандаринде. Анан чеснокто, баш пиязда “С” витамини көп. Өз убагында тамактануу, жылуу жүрүү зарыл. Эң негизгиси үйлөрдү жылуулаш керек. Канчалык үй суук болсо вирус ошончолук көбүрөөк өөрчүйт. Анан катуу үшүп калганда сөзсүз вирустар үстөмдүк кылат дагы, адам тез ооруп калат.

Бөлмөлөрдү тез-тез желдетип туруу керек. Себеби үй бүлөдө бирөө ооруп кала турган болсо, бөлмөнү тез-тез желдетүү, ным чүпүрөк менен аарчып туруу, таза кармоо эң негизги ролду ойнойт. Анан ооруп калган адамды бөлүш керек. Үйдө деле, тышта деле чүмбөт (маска) эрежесин сактаган жакшы. Себеби дегенде адам өзүн да, айлана-чөйрөдөгүлөрдү дагы сактайт. Чүмбөт 4 кабаттуу болот. Аны деле үч саатта алмаштырып, жууп, үтүктөп, кайра тагыныш керек. Себеби вирус ал жерде көпкө сакталат.

Жетиштүү эс алып жана суюктукту көп ичиш керек. Вируска каршы дарылар оорунун белгилери байкала баштаганда дароо ичкенде гана жардам бериши мүмкүн. Аспиринди (ацетилсалицил кислотасын) тумоолоп калган балдарга берүүгө болбойт. Эгер өзүңөрдөн пневмониянын белгилерин байкасаңар, башкача айтканда, оор дем алып, көкүрөк-көөдөнүңөр ооруп же башыңар сынып жатса, тезинен доктурга көрүнүш керек.

Жазгүл Урмамбетова,

Булак: NazarNews.kg

Последние новости