www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оторбаев ишсиз калбайт

Кубат Оторбаев азаттыктан такшалып, элдин оозуна алынды. “Ыңгайсыз суроолор” телекөрсөтүүсү менен көпчүлүктүн мактоосуна татыды. Революциядан кийин “Азаттыктагы” жетекчилик кызматты жыйыштырып, КТРдин башына келди. КТРди жетектөөдө жемишин берди. Бирок, журналисттер алчу  акчалай сыйлыкты кыскартып койду. Анткен менен КТРде жакшы эле иштеди.

Жаңы бийликке жан тартып, теледебаттарда алардын каршылаштарын ыңгайсыздыкка кептөөгө жол берди. Алардын айрымдары азыр да Оторбаевди эстегенде  туталанышып, жанын коёрго жер таппай кетишет экен. Кийин “Кыргызстан” партиясынан депутат болчулардын  тизмесин толуктап, бирок, Акыйкатчылыкты аркалады. Ал жерде да кээде мактоого татыса, кээде катачылыкка жол берди. Өз эрки менен ал кызматтан кетти. Азыр Аю холдингдеги маанилүү кызматтардын  бирине келди.   

Карьера кемесинде ары-бери чайпалып, түрдүү кызматтарды аркалаганы менен анын акылы, ишке жөндөмдүүлүгү, адамгерчилиги эч качан ишсиз калтырбайт. Анткени, Оторбаев бирөөгө жагып, бирөөгө жакпаганы менен үлгү болчу жакшы сапаттары, мактоого арзыган иштери көп.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости