www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аталган өлкөдө былтыр кыз-келиндерге унаа айдоого жана спорттук иш-чараларга катышууга уруксат берилген. Сауд Аравиянын прокуратурасы аялдарды тергөөчүлүк кызматка ала турганын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости "Медина" гезитине таянып кабарлады.
Башкы прокурор Сауд аль-Мужибдин айтымында, тергөөчүлүк кызматка Сауд Аравиянын жараны болгон жогорку билимдүү кыз-келиндер гана алынат. Ошондой алар атайын тест жана даярдыктан өтүшөт.
"Прокуратурада иштейм дегендерге олуттуу сынактан өтүүгө туура келет. Андан соң гана алар кылмыштарды иликтеп, сотторго көрсөтмө берип, өлүм жазаларын көзөмөлдөп, абактарды текшере алат", — деди Сауд-аль-Мужиб. 2015-жылы аталган мамлекеттин башына Салман бен Абдель Азиз Аль Сауд келгенден бери өлкөдө өзгөрүүлөр көп болууда. Анын ичинде аялдардын эркиндигине көңүл бурулуп, былтыр аларга унаа айдоого жана спорттук иш-чараларга катышууга уруксат берилген.
Булак: NazarNews.kg