www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусундагы Жайыл районунда жол талашкан айдоочулардын бири экинчисин башка атып салды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 9-февраль күнү Жайыл райондук милициясына аймактык ооруканага баш сөөгүнө октон жаракат алган адам келип түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн. Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу ооруканага барып, жабыр тарткан жарандын өздүгүн такташканда З0 жаштагы Кара-Балта шаарынын тургуну Н.Т. экени аныкталган.
Териштирүү иштеринен кийин, 9-февраль күнү болжол менен саат 14:25 чамасында азиат түспөлүндөгү жаран жол талашып уруша кеткен соң травматикалык тапанча менен башка атып, окуя болгон жерден ак түстөгү БМВ үлгүсүндөгү унаасы менен из жашырып кеткени белгилүү болгон.
Бул факты боюнча "Ээнбаштык" беренеси менен иш козголуп, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 25 жаштагы Т.Т. аттуу жаран колго түшүрүлүп, текшерүүгө алганда жанынан тийиштүү документтери жок травматикалык тапанча табылган.
Учурда шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости