www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Centerra Gold Inc. компаниясы «Кумтөргө» сырттан башкаруучу болуп дайындалган Теңиз Бөлтүрүктү Кумтөр кенин басып алуу жана жашыруун маалыматты ачыктоого айыптап Канадада кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Билдирмеге караганда, иш Онтарио провинциясынын Жогорку сотунда ачылган. Centerra Бөлтүрүктүн «Кыргыз алтын» мамлекеттик ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү жана акционери экенин айтып, компанияга жетекчилик кылышына тыюу салууга аракет көрүүдө.

«Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Теңиз Бөлтүрүк директорлор кеңешинен кете электе кыргыз өкмөтү жана башка тараптар менен алтын кенди басып алууну пландап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бул көп жылдык инвестициялык келишимди бузууга алып келет. Бөлтүрүк мындай маалыматты Centerra тарапка айткан эмес.

Мындан улам ал Centerra компаниясында директорлор кеңешинин мүчөсү болуп туруп ишенимдүү өкүл катары милдеттемелерин бузганы, жашыруун маалыматтарды сактабаганы боюнча айыпталууда», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, Centerra Бөлтүрүк Канаданын жана Кыргызстандын жараны экенин, 2020-жылдын декабрында директорлор кеңешинин мүчөсү болуп, 2021-жылдын 17-майында кызматтан кеткенин эске салды. Мындан эки күн өтүп, кыргыз өкмөтү аны «Кумтөр Голд компаниге» (Centerra ишканасынын туундуу компаниясы) сырттан башкаруучу кылып дайындаганын белгилейт.

Мындан сырткары, 12-май күнү «Кыргыз алтын» үчүнчү тарапка мыйзамыз түрдө 29 миллион доллар которууга аракет кылганы жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости