www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда чолок шым кийген жарандарга айып салынууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ашхабад полиция кызматкерлери көчөдө чолок шым кийген адамдарды айыпка жыгып, кийимин алмаштырууну талап кылышууда.

Мындай учурлар шаардын негизги көчөлөрүндө жана кээ бир мекемелерде катталууда. Мисалы, кире бериште нөөмөттө турган полиция кызматкери кардарды өткөрүүгө банк кызматкеринин өтүнүчүнө карабай, ал кишинин чолок шым кийип алганын айтып киргизбей койгон. Ал ошондой эле кезекте турган башка жарандарга дагы борбордогу коомдук жайларда чолок шым же тапичке менен барууга тыюу салынганын эскертти.

Укук коргоо органдарынын өкүлү жаңы талаптарды киргизүүнүн себебин түшүндүргөн эмес.

Андан сырткары чолок шым кийип жүргөн өспүрүмгө 20 манат (7 доллар) өлчөмүндөгү айып пул салып, кийимин алмашттыруу үчүн үйүнө жөнөтүшкөн.

Түркмөнстанда айтылбаган жаңы эреже киргизилгени жана анын жардамы менен бийлик мезгил -мезгили менен жарандардын сырткы көрүнүшүн жөнгө салууга аракет кылары айтылат.

Буга чейин аялдарга чачын, тырмагын ачык түскө боёого, ошондой эле жабышкан көйнөк кийүүгө тыюу салынганы маалымдалган. Ал эми 40 жашка чейинки эркектерге сакал коюуга болбойт.

2019-жылы татуировка жасоого тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости