www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык кеңешине зорго өткөн «Улуттар Биримдиги» республикалык деңгээлдеги партия катары тааныла албай келе жатат. Улам бир шайлоодо саясий күчтөргө жармашканы жашыруун эмес.

Лидери Мелис Мырзакматов парламентке келүүгө шансы жок экенин алдыртан сезип, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованы жамандап, «шайлоо таза өтпөйт» деп оозун куу чөп менен сүртүп койду.

Саясатта куру дымак, жасалма жүз, деңгээли жетишпесе да ашкере амбициялуу Мырзакматовдун дарамети чектелүү эмеспи.

Болбой эле өзүн чоң саясатчыдай элестетип, жарма пиар менен алектенип келет. Убагында «арстан», «шерге айланып жаткан эргул коррупцияга айыпталып, кылмыш иши козголгондо өлкөдөн качып кеткен. Ошондон кийин Мелис Мырзакматовго көпчүлүк ишенбей калган. «Баягы жомокторун айта берет» деген кыязда...

Булак: Азия News гезити

Последние новости