www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлүм чакырган телефон

Убакыт өткөн сайын техниканын түрү көбөйүп, иштин тез бүткөнү күч алды.

Жыйырма жыл илгери ким ойлоптур, уюлдук телефонду кемпир-кесектен бала-бакырага чейин колдонуп, үйдө отуруп алып Россия менен байланышат деп. Бул, албетте, илимдин өсүшү, замандын жетишкени деп айтсак аша чаппайбыз. Бирок таяктын эки учу бир дегендей, биз кеп кылган уюлдук телефондун тетири таасири - ден соолукка зыян экени басма сөз беттерине жазылып эле жатат.

Андан дагы бул телефонду колдонгонго табигаттын сырдуу көрүнүшүн чыгалган дагы жактыра бербейт экен. Эмесе, сөз өңүтүн бир окуянын негизине бурсак.

Бул окуя ушул жылдын эле жаз мезгилинде өлкөбүздүн аймагында болгон. Белгилүү себептер менен каармандардын аты-жөнүн өзгөртүп берүүнү туура таптык.

Азыкбай дыйканчылыктын устаты. Эгин сугарып, тоют топтогонду неги-зинен жакшы көрөт. Атасы Эгемберди дагы өмүрү өткүчө колунан кетменин түшүрбөй, талаада көп жүргөн адам эле. Тактап айтканда суу жетпеген өсүмдүккө суу жеткирген баба дыйкан болчу.

Азыкбай атасынын жолун жолдоп, талаада эгин сугарып жүргөн. Убакыт бешим намазынын убагынан жаңы гана оогондо асманды туман каптап, аба ырайы бузулуп шамал болот. Аңгыча эле чөнтөк телефону шыңгырап калат. Иштеп аткан ишин токтотуп, телефонду кулагына жакын такап, жооп берген учурда, асман күркүрөп чагылган чарылдайт да, Азыкбайга чагылган тийип ошол жерден жан берет. Эгер, кайран киши ошол учурда телефон менен сүйлөшпөгөндө аман калат беле, ачык айтууга болбойт. Бирок бул окуяга жаштар көп деле көңүл бурбайт. "Чагылган балким Азыкбайдын кетменине тийди" деп. Анткени чагылган темирге да тийиши мүмкүн эмеспи.

Ошентип кырсык баскан Азыкбай телефонун колдоном деп, о дүйнөгө узагандан бир ай убакыт өтпөй эле айылдан дагы Замира аттуу келинге чагылган тиет. Бул келин көчөдөн келатып өзү телефон чалат. Ошол учурда күн бүркөк болгону менен шамал болбой эле турган. Замира эч жамандык оюнда жок уюлдук телефон менен узун сөзгө кирип, жолдун чети менен келатканда, жөндөн жөн туруп эле колунан телефону ыргып кетет да, көзүнөн от чагылыша түшөт.

Эсине ооруканадан келген Замира чагылган тийгенин ошол жерден угат. Анткени колунан ыргып кеткен телефону капкара болуп күйүп кеткен болот. Эгер Замиранын колунан телефон ыргып кетпегенде, Азыкбайдай болуп аман калмак эмес экен. Көрсө, уюлдук телефонду көп колдонгонго бир гана ден соолукка гана зыян эмес, чагылганга дагы жакпасын ириде кеп кылынган окуядан улам билсек болот. Буга дагы мисал катары Султанбек аттуу кишинин башынан өткөн окуясын эске сала кетсек.

Султанбек талаада картошкасын түптөп жүрүп уюлдук телефонун жоготуп алган болот. Ошол күнү кечинде аба ырайы бузула баштаганда баласы Эламан келип калат да, экөө чоң бактын далдоосунда туруп, Эламандын телефону менен өзүнүн телефонуна чалат. Аңгыча эле чагылган чартылдап, отуз метр жакын жерге түшөт. Дароо телефондогу гудок басылып колунан түшүп кетет. Аз убакыт өтпөй жамгыр басылып, Султанбек уулу экөө чагылган түшкөн жерге келишсе, уюлдук телефон капкара болуп күйүп кеткен экен. Эгер, Султанбек телефон чалбаганда, чагылган түшмөк эмес беле аны так айтуу кыйын.

Чын-чынында телефонго байланыштуу чагылгандын түшкөнү биздин чакан өлкөдө ондоп саналат. Ал эми чет өлкөлөрдө канча телефон чагылгандын курманы болду, аны эсептеп айтууга дегеле болбойт. Андыктан чагылгандын уюлдук телефонго каршы экенин эске салуу менен бирге сак болуңуздар демекчибиз.

Кээ бир далилдүү фактыларга таянсак, өзгөчө көп функцияны ичине камтыган кымбат баалуу уюлдук телефон колдонгон адамдар чагылгандан сак болушу керек экен. Анткени бул телефондордун ичине камтыган ар тараптуу функциялары чагылганды өзүнө тез имерет имиш. Эмне болгон күндө да айтылган кеп бар эмеспи "сактанганды сактайм" деген. Анынсыңары аба ырайы бузулган кезде телефонду колдонгондон сак болуу бул заманда ашыкча болбойт.

Булак: Шамбала

Последние новости