www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нургазы Мусаев:

Ош — лөлү калкы бир маала болуп жашаган жападан жалгыз шаар. Союз бузулгандан кийин Лөлү-Маала өзүнүн терек базары менен атагы чыкты. Мелис Мырзакматов, Нурбек Алимбеков сыяктуу азыркынын дөө-шаалары дал ошол терек базардан карьерасын башташкан.

Бүгүн кеп ошол Лөлү-Мааланин жашоочулары жөнүндө. Бу лөлүлөрдөн депутаттыкка кандидат эгемен Кыргызстандын тарыхында бир эле жолу чыкты. Турсунбай Бакир уулу деген неординар агам 2007-жылы «ЭрК» партиясы менен парламенттик шайлоого катышып, парттизмеге лөлү улутундагы жаранды киргизген.

Ошондон бери бул лөлүлөрдү милициялар базарлардан, өтүмдүү жерлерден кубаламай менен гана убара болбосо, деги бир атка минердин иши болгон эмес.

13 жылдан кийин лөлүлөрдүн барк-баасы дагы бир жолу билинди, тагыраагы партиялар алардын баркын көтөрдү. Лөлү-мааланин өз кандидаты болбогон соң, партиялар буларды тээ Алайга чейин алып барып, форма 2 менен учетко коюшту.

4-октябрь күнү ысырыкчы, арабачы жана башка миң түркүн лөлүлөр Алайда же Ноокатта шайлоо участокторунда жүрсө таң калмай жок.

Аларга атасы көрбөгөн сый көргөзүп, жумшак спринтерлер менен өз участогуна ташып барган партиялар «бу лөлүлөр биякты эмне кылып жүрөт?» деген суроолорго да жооп даярдап коймогу абзел. Мисалы, «4-октябрда Алай жактан тилемчилик кылабыз же ысырык салабыз деп иш-планга киргизген элек. Ошого ушякта жүрамиз, ака. Ишииз нима», — деп лөлүлөр кулагыңы жара кыйкырып жооп бериши абзел.

Кыскасы, кыргыздардын шайлоосу жөнүндө сонун комедия тартса болот. Сүйүн Откеев иним, роликтериң деле тартылып бүткөндүр, шайлоонун добуш берүү күнү жөнүндө кинокомедия тартсаңчы…

Булак: NazarNews.kg

Последние новости