www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сасык тумоо жана курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциянын эпидемиологиялык сезону коронавирустун экинчи толкуну менен дал келип калышы мүмкүн. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин врач-эпидемиологу Чынара Мамбеталиева «Биринчи радионун» эфиринде айтты.

Эпидемиологдун айтымында, ошондой учурда 2 инфекция жайылат. Ошондуктан иммунитетти жогорулатып, санитардык эрежелерди сактоо зарыл.

«Жакшы иммунитет болуш үчүн баланстуу тамактануу зарыл — белок, май, углевод, витамин, ошондой эле таза аба, бөлмөнү желдетип туруу, өздүк гигиенаны сактоо, бет кап тагынуу, колду жууп туруу, аралыкты сактоо керек. Эпидсезон башталганда адамдар көп чогулган жерлерге баруу сунушталбайт», - деди Чынара Мамбеталиева.

Ошондой эле, Мамбеталиева бардык санитардык эрежелерди сактап, коомдук жайларда жана коомдук унааларда бет кап тагынууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости