www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министрлиги орус-казак чек арасынан өтө албай турган кыргызстандыктарды эртең мекенине алып келет. Бул тууралуу аталган мекемеден кабрлады.

Маалыматка ылайык, азыр дипломаттар Башкырстанда калган кыргыздарды Соль-Илецк шаарына ташып келүүдө.

Белгилүү болгондой, чек арадан өткөндөн кийин алар автобус менен Казакстан аркылуу Кыргызстанга жеткирилет. Өтө көп адам топтолгондуктан биринчи топ 24-сентябрда, экинчиси 25-сентябрда алып келинет.

Ошондой эле ТИМ мигранттарга орус-казак чек арасы жабык экенин жана шылуундарга ишенип жолго чыкпоону өтүнөт.

Белгилей кетсек, орус-казак чек арасында 3 миң 200 кыргыз жараны топтолду. Буга чейин дагы бир нече жолу Тышкы иштер министрлиги Казакстан менен сүйлөшүп, чек арага топтолгон жарандарды өлкөгө алып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости