www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Мирбек Асаналиев кечээ 8-мартта болуп өткөн Аялдардын эл аралык күнүндө «Аялдардын шериктештик маршы» тууралуу пикирин жазып чыкты.
"Аялдар туубагыла дейт, чай куйбагыла, тамак жасап кир жуубагыла, үй жыйнабагыла дейт анан да кызыгы "Мен күйөөгө тийбейм", төрөбөйм деген чакырыктары бар экен бул-УЯТ. 8-март Айымдардын эл аралык күнүндө жүрүш кылгандар жазалансын. Милиция органдарына рахмат. Кыргыздын аялдарына акыл үйрөткүдөй бул эмне деген саясат. Чай куйбасаң, идиш, кир жуубасаң, ичеги-карын артпасаң анан дагы туубасаң сени ким алат? Арыдан бери болсоңор боло уюштургандар. Зордук-зомбулук көрдү, өлдү деп аларды бетке кармап, эми аял менен эркекти кайраштырып тескери батыштын саясатын жүргүзүп жатасыңар. Мындай кадам эмес "элди агартуу" жагынан иш жасабайсыңарбы. Батыштын очойгон акчасына маарап, аяктын тескери саясаты менен иш жүргүзбөй. Эсиңерге келгиле, аялдар эч кимден кордук көргөн жок, кордук көргөндөр ошо силерге окшогондор. Жүрөсүңөр анан бириңди бириң жактап, мактап. Маршка чыккан бир кыргыз аялзаты жок, бүт эле чет жактан келгендер менен чет жака тийип келген түрү укмуштуулар жүрүшөт. Уялгыла уятыңар али бар болсо!" - дейт журналист Асаналиев.
Булак: NazarNews.kg