www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстан өзүнүн аймагы аркылуу кыргызстандык айдоочуларды өткөрбөй турганы боюнча расмий нота берди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
«Түркмөнстан да биз сыяктуу эле алдын алуу чараларын көрүп жатат. Алар Иран менен болгон чек араны жапты. Биздин айдоочуларга транзиттик жол бербей турганын айтышты», - деди Өмүрбекова.
Ал Азербайжан жана Россия менен сүйлөшүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Ирандын аймагынан чыга албай калган айдоочулар президенттен Ирандын аймагынан чыгарып кетүүнү суранып жатышат.
Айдоочулар айтымында, унааларында күйүүчү май түгөнүп, тамак-аш да калбай калган. Ал жердеги дүкөндөр жабык. Ал эми Кыргызстандын Ирандагы консулу күтүп туруу керек экенин айткан.
«Бизди чыгарып кетүүңүздөрдү суранабыз», - дешти айдоочулар.
Белгилей кетсек, 6-мартта АКИпресс агенттигиндеги маалымат жыйында транспорт жана логистика комитетинин төрагасы Маткерим уулу Талантбек чет өлкөлөрдөн жүк ташуу менен алектенген кыргызстандык айдоочулар Ирандын аймагынан чыга албай калышканын билдирген болчу. Акыркы маалыматтар боюнча, 76 автоунаа, Кыргызстандын жарандарынан 76 айдоочу Түркмөнстан чек арасын жапкан 18-февралдан тарта Ирандын аймагында. Бул сандар улам жаңыланып, тактоо иштери улантылып жатат.
Булак: NazarNews.kg