www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президентинин жеке дарыгери учакта жүрөгү токтоп калган кыргыз келиндин наристесинин өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Дарыгер Режеп Шекер Бишкек-Стамбул каттамы менен сапарга чыккан.
Алынган маалыматка караганда, учак абага көтөрүлгөндөн жарым сааттан кийин эгиз наристелердин бири ооруп калган. Учактын экипажы дарыгерге өзүн жаман сезген наристени алып келип, жардам сураган.
"Учакка отурганда жүргүнчүлөрдүн бири ооруп калды. Мен аны карап жатканымда, стюардесса кабинанын арт жагында балдары бар аялга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды. Биз жакындап келдик, наристени колума беришти. Ал көк болуп, дем албай калыптыр. Анын жүрөгү токтоп калганы белгилүү болду. Мен жүрөгүнө массаж жасап, жасалма дем алдырдым, андан соң наристе өзүнө келди. Эгиздердин энеси түрк же англис тилин билбегендиктен, наристеге эмне себептен мындай болгонун билбейм", - деди дарыгер.
Булак: NazarNews.kg