www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто кургак учуктан 1 жылда 43 адам мерт болгон

Ош облусунда жана Ош шаарында кургак учукка кабылгандардын саны жылдан жылга азайып бара жатат. Бул туурасында 19-март күнү 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата өткөн жыйында Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору жана улуттук кургак учукка каршы күрөшүү программасынын Ош облусу боюнча координатору Кылычбек Исматов билдирди.

Анын айтымында, бул ооруга чалдыккандардын саны бизде азайды деген менен Кыргызстан дагы деле эпидемиологиялык өлкөлөрдүн катарында калууда.

«Жыл сайын кургак учукка кабылгандардын саны азайганы менен тилекке каршы дагы деле эпидемиологиялык өлкөлөрдүн катарында турабыз. Буйруса дагы аз жылдарда бул кырдаалдан түшүүгө аракет кылуудабыз. Бизде кургак учуктун азайганынын негизги белгилеринин бири — акыркы 5 жылды карасак кургак учукка каршы күрөшүү мекемелери өзүнүн милдетин 50 пайызга гана аткарып жатат», - деди Кылычбек Исматов.

Кылычбек Исматов Кыргызстанда кургак учукка кабылгандардын эң көп сандагы көрсөткүчтөрү 2000-жылдар аралыгында катталганын айтат.

«Бул оорунун эң бийик чокуга чыккан көрсөткүчү 2000-жылдарга туш келген. Бүгүнкү күндө бизде 100 миң калктын санына 52ге түштүк. Кургак учукка каршы күрөшүү мекемелеринин жетишкендиги десек болот. Жугузгандардын саны менен бул оорудан көз жумгандардын саны да азайып бара жатат», - деди ал.

Кыргызстанда кургак учукка кабылгандардын көпчүлүгү 40 жашка чейинки ишке жарамдуу адамдар. Ош шаарында 1 жылда кургак учукту канча адам жугузат? 2019-жылы 219 адам жугузса, 2020-жылы 173 адамдан аныкталган. 1 жылда 47 бейтапка азайган. Ош шаары боюнча 1 жылда каза болгондордун саны: 2019-жылы 17 бейтап каза болгон. 2020-жылы 7 жаран кайтыш болгон. Ош шаарында 1 жылда өлүмдүн саны 10 адамга азайган.

Ош облусу боюнча 1 жылда бул ооруну жугузгандардын саны: 2019-жылы 1028 адам ооруга кабылган. 2020-жылы 712 адам жугузган. 1 жылда жугузгандардын саны 316 бейтапка азайган. Каза болгондордун саны 2019-жылы 51ге жетсе, 2020-жылы 43 бейтап мерт болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости